УДК 80/81 КЫРГЫЗ-ТҮРК ТИЛДЕРИНДЕГИ АК-КАРА СӨЗДӨРҮНҮН КОНЦЕПЦИЯСЫ Гульнара Арапова түрк тили мугалими Эл аралык Ататүрк-Алатоо университети Кыскача мазмуну Тилдик жана маданий системалар өз ара көп жагынан айырмаланат, ошондой эле жакындашат. Адамдын тилине, ой жүгүртүүсүнө, жаратылышты кабылдоосуна жана маданиятына негизделген жалпы түшүнүктүк базисти көрсөтүп турган лексика-семантикалык ар түрдүүлүк кездешет. Бул өз кезегинде тилдеги, бөтөнчө лексикадагы ийкемдүүлүктү жана универсалдуулукту жаратып, сөздүн элдин пикирлешүүсүндө өмүр сүрүшүн шарттайт, улуттук мүнөзүн аныктайт. Ачкыч сөздөр: концепция, түшүнүк, өң-түс, тил, ак, кара. КОНЦЕПЦИЯ СЛОВ ЧЕРНО-БЕЛЫЙ В КЫРГЫЗСКОМ И ТУРЕЦКОМ ЯЗЫКАХ Аннотация Языковые и культурные системы носят как отличительные черты, так и похожие. В зависимости от языка, мыслей, восприятия окружающей среды и уровня культуры человека, общее базисное понятие будет варьировать лексико-семантическое разнообразие. Это приводит к эластичности и универсальности различных языков, обусловливает дальнейшее существование слова в общении и определяет национальный характер. Ключевые слова: концепция, понятие, цвет, язык, черный, белый. CONCEPT OF WORDS BLACK AND WHITE IN KYRGYZ AND TURKISH LANGUAGES Abstract Language and cultural systems have mutual and distinctive features. Depending on the language, thought, perception of the environment and the level of human culture, the common basic concept will vary lexical- semantic diversity. This leads to the elasticity and flexibility of different languages, causes the continued existence of the word in communication and determines the character of a nation. Key words: concept, idea, color, language, black, white. Макалабызда түстүн борбордук концепттик белгилерин кыргыз жана түрк тилдериндеги негизги (аралашпаган) ак жана кара түстөрүнүн Жаратылыш борбордук концептуалдык белгисинин тилдик репрезентациясы негизинде иликтегенге аракет жасайбыз. Жаратылыш ааламдын материалдык дүйнөсү, маңызы боюнча табигый илимдерди изилдөөчү объект. Турмушта жаратылыш сөзү көп ALATOO ACADEMIC STUDIES. 2016. 2 101
Филология илимдери учурда табигый жашоо, чөйрө деп аталып жүрөт (адамдын колунан жасалбаган бардык нерселер). Жаратылыш, башкы органикалык чөйрө катары, дайыма өнүгүүдө жана кыймылда болуп турат. Жаратылыштын эң башкы өзгөчөлүгү бул анын циклдүүлүгү, улам-улам алмашып тургандыгы. Ак, beyaz түсүнүн концепттери Кыргыз жана түрк тилиндеги адамды курчап турган реалдуу чындыкты сүрөттөөдөгү көптөгөн тил каражаттары ак концептинин айлана-чөйрөнү, табигат көрүнүштөрүн, өсүмдүктөр жана жаныбарларды сүрөттөөдө эң маанилүү орун ээлей турганын тастыктап турат. Адатта, ак түсү бизге күн (сутканын жарык бөлүгү, т.а., күндүз) менен элестетилгендиктен, ал жарык түшүнүгү менен тыгыз байланышкан. Кыргыз тилинде ак лексемасы жарык маанисинде көркөм адабияттык тексттерде көп кездешет. Түрк тилиндеги көркөм чыгармаларда күн нурунун түркүн түстө кубулуп жаркырашы, түндүн караңгылыгы, таң шооласынын булаңырлыгы сюжеттик линияларды тереңдетип, композициялык компонент катары кызмат кылат: Ак жарык (Ak (beyaz) aydınlık, ışık) Biraz sonra, iki katlı dümdüz çıkan karanlık ve ahşap merdivenlerin ucunda, çok uzakta, beyaz bir ışığın içinde anneannemizi gördük. (Orhan PAMUK, Öteki renkler, (Seçme yazılar ve bir hikaye), İletişim Yayıncılık, 1.Baskı, İstanbul, Aralık 1999, 34.sayfa.) Ак, beyaz концепттери менен кеңири сүрөттөлгөн башка реалий бул кар болуп саналат. Кыргыз жана түрк тилдеринде сүрөттөлүп жаткан объекттердин ак түсү кардын аппактыгы менен салыштырылат. Атүгүл ушул эки тилде тең кардай ак, кардай аппак деген туруктуу сөз айкашы да бар. Кардан кийин кылымдардан бери кыргыз тоолорун башын басып жаткан мөңгүлөр да туруктуу түрдө ак концепти менен берилет: Асмандын бир четин ээлеген арсак-орсок кырарканын мөңгүлөрү жайнаган жылдыздар астында ак седептей күңүрт жылтылдап, тоодон соккон коңур сыдырым жууркандын аягынан сызылып, кишинин бетибашын аймалап сүйкөнөт. (Ч. Айтматов. Бетме-бет. 350-б.) Suyun serinliği, kokusu bedeninden uzun süre çıkmazdı. Geceleyin dağların karlı dorukları koyu lacivert gökte inci gibi (бул жерде ак берметтей деп колдонулган) donuk donuk parlar. (Cengiz Aytmatov, Yüz yüze, 6. Basım: Ekim 2011, Cem Yayınevi, İstanbul, 212.s.) Ошондой эле ак түс жарык, сутканын күндүзгү бөлүгү жана кардан тышкары асмандагы булуттардын туруктуу белгиси болуп да саналат: Тээ алда кайда, мелтилдеген ырааккы кыйырда ак ала булут түрмөктөлүп, анда-санда күн күлдүрөп, шамал желдеп турду. (Ч. Айтматов. 318-б.) Çoğu sefer, çimenlerin üzerine sırtüstü uzanır, mavi gökte kayan hafif, beyaz bulutlar seyrede ede, Allah ı ve onun meselelerini düşündüm. (Namık KEMAL, Cezmi, Timaş Yayınları, İstanbul 2003, 56. s.) Ар бир улуттук концепт ошол калк жашаган айлана-чөйрөгө, отурукташкан географиялык абалга, климаттык шарттарга, жердин кыртышынын түзүлүшүнө, баштан өткөргөн тарыхый доорго, коңшулаш элдер менен алакасына, коомдук формациясына көз каранды. Кыргыз элинин жашаган жеринин климаттык шарттарына ылайык, кыргыз тилинде жамгырдын бир нече түр аталыштары ажыратылат. Элибиз жамгырды жамгыр, жаан, ак жаан, нөшөр, кара нөшөр, өткүн ж.б. деп ар түрдүү аныкташат. Кыргыз эли жамгырдын жааган мезгилине, көлөмүнө, мөөнөтүнө жана түзүлүшүнө жараша ар башка ат берет. Алсак ак концепти узакка созулган, майда жамгырды сүрөттөөдө колдонулат. Жаратылыш борбордук концептуалдык белгисинин ак түстү белгилеген кийинки тобун жаныбарлар түзөт. Кыргыз жана түрк тилдеринде ак сөзү зоологиялык аталыштардын составдык бир бөлүгү болуп кеңири колдонулат. Миса- 102 ALATOO ACADEMIC STUDIES. 2016. 2
лы: ак куу (кырг) beyaz kugu; ак түлкү (кырг) beyaz tilki. Ошону менен бирге бул аталыштарда айрым айырмачылыктар да бар. Алсак, ак аюну түрктөр kutup ayısı (kutup полюс дегенди билдирет, полярдык аюу) дешет. Кыргыз тилинде жаныбарларга гана тиешелүү түс аталыштары кездешет. Алсак: ак боз, куба, куу, кашка. Кашка эки морфемадан турган туунду сөз: каш ак таш +га (гай монг. ахуй бар ) агы бар, деп белгилейт проф. К.Саматов. (Саматов К. Кыргыз тилиндеги өң-түс сөздөрүнүн лексика-семантикалык жана стилистикалык мүнөздөмөлөрү. Бишкек: 2003. 86-б.). Ушуга карай ак түс лексикасы катышкан канаттуулар аттары бир топ: ак кажыр (кумай), ак каз, ак чил, ак куу, ак ителги, ак баш кооз мукур ж.б. Ошондой эле кыргыз тилинде жаныбарлардын кайсы бир дене мүчөлөрүнө ак сөзүн кошуп атоолор да көп кездешет. Алсак: ак куйрук, ак бакай, ак маңдай, ак жал ж.б. Кыргыз тилиндеги бир өзгөчөлүк кээ бир учурда жылкынын же үй жаныбарларынын түсүн белгилөөдө ак деген уңгу сын атооч колдонулбайт, кызыл, куу деген сын атоочтор колдонулат: кызыл ат, кызыл уй, куу ит. Бирок элдик оозеки чыгармаларда ак боз бээ, ак боз ат, ак буурул ат деген айкаштар көп кездешет. Байыркы түрк эстеликтеринде ак сөзү жылкынын же үй айбандарынын өң-түсүнө карата кеңири колдонулган. Кыргыз элинин турмушунда ак түстөгү малды курмандыкка чалуу салты бар. Бул жөрөлгөнүн түбү байыркы шаманизм ишенимдеринен келип чыккан. Адамдын жолуна жакшылык чакыруу үчүн, кылайын деген иши, чыгайын деген сапары байсалдуу болсун деп ак түстөгү улакты, койду, жылкы, төөнү союу түпкүлүгүндө ак-кара мифологиялык антитезага өзөктөшөт. Ак түс элдин психологиясында белгилүү роль ойногон, аны менен калкыбыз жакшы үмүт-тилектерин байланыштырган: аксарбашыл деп малды түлөөгө чалышкан, жылан боз үйгө кирип келсе ак чачышкан. Биздин түрк бабаларыбыздын аң-сезиминде ак түсү ыйык саналуу менен катар күч-кудуретти жана жеңилбестикти элестеткен. Буга айтылуу Манас эпосубуздан көп сандаган мисалдарды тапсак болот: Манас баатырдын аты Аккула, ити Куумайык, Семетейдин кушу Акшумкар ж.б. Бирок коомубуздун өнүгүшүнүн белгилүү бир этабында ак сөзүнүн малга карата аныктагыч катары айтылышына тыюу салган салт пайда болуп, куу ит (белая собака), куба кой (белая овца), кызыл ат (белая лошадь) деген тергөө аталыштар чыккан. Мындай тергөөнүн себебин айылдык карыялардан сурамжылаганыбызда, алар: Ак пайгамбардын аты, аны айтууга болбойт дегендей жооп кайтарышты. Чындыгында эле, ак сөзүн тергөө ислам дининин таралышына байланыштуу жаралган көрүнүш. Араб тилиндеги хак сөзү пайгамбарды, Кудайды, акыйкаттыкты, ыйыктыкты туюндурат. Кыргыз тилинин фонетикалык өзгөчөлүгүнө ылайык, х тыбышы сөз башына келбейт. Ошондуктан х түшүп калып, ак деп айтылып, түстү билдирген ак сөзүнө омонимдеш, ушул эле маалда теңир, кудай сөздөрүнө синонимдеш болуп калган. Тоголок Молдонун Куба кой менен ээсинин айтышы тамсилин эске алалы. (Шерцль В.И. Название цветов и символического значения. Воронеж. 1884. с.10). Бирок бул тыюу салуу ак сөзүн толугу менен колдонуудан сүрүп чыгара алган эмес. Ал кээ бир макал-лакаптарда, учкул сөздөрдө сакталып кала берген ак ит, кара ит баары бир ит, оозунан ак ит кирип, кара ит чыкты. Ак койдон аңкоо, боз койдон момун (эч нерсени көрбөгөн, билбеген, билүүгө кызыкпаган, билсе да билмексенге салган, куу, митаам). Ак концепти кыргыз жана түрк тилдеринде өсүмдүк дүйнөсүн сүрөттөөдө да маанилүү роль ойнойт. Мисалы: Аны тегеректеп ак баш мыялар курчап алган, бирок жаш кодура аларга ALATOO ACADEMIC STUDIES. 2016. 2 103
Филология илимдери моюн бербей, күндүн шооласына алардан мурун озунуп, сары гүлдүү башын койкойтуп, күн нурун шимирет. (Ч. Айтматов. Жамийла. 236-б.) Etrafını beyaz başlı pireotları sarmıştı, ama o bunlara hiç aldırmıyor, onların arasında uzanıp, küçük sarı dilleriyle sabahın ışınlarını yakalıyor, sık tanelerden oluşan sepetine dolduruyordu. (Cengiz Aytmatov, Cemile, Ötüken Neşriyat, İstanbul-2000, 54. s.) Ак түстүн концепти көптөгөн ботаникалык аталыштардын составдык бөлүгү болуп эсептелет, мисалы: кыргыз тилинде ак жүгөрү, ак камгак, ак козу карын, ак кылкан, ак сое, ак чечек, ак тыт, ак терек, ак сергеш ж.б. Түрк тилинде beyaz gül (ак роза), beyaz nilüfer isyanı (ак лотос), beyaz hindiba (цикорий) ж.б. аталыштар кездешет. Ак түс концепти көп катмарлуу талаа структурасына ээ. Борбордук зона базалык (негизги) репрезентаттар аркылуу вербалдаштырылат. Мында концепттин борбордук белгилеринин жаралыш механизми сөздүн этимологиясынын деңгээлинде эле байкала баштайт. Сөздүн ички формасы гана эмне үчүн бир тилде бир эле предметти билдирүү үчүн көп сөз болушу керек экендигин же, тескерисинче, бир эле сөз ар түрдүү предметтерди туюндуруп кала турганын айкындайт. Ошентип, ак концептинин борбордук концептуалдык белгисинин категорияларын анализдөө алардын кыргыз жана түрк лингвомаданияттарында толук дал келүүсүн көрсөттү. Кара, siyah түстүн концепттери Кара концептиниде адамды курчап турган чөйрөнүн жарыксыз элементтерин сүрөттөгөн топтор кирет. Кара түс башка жарык агымдарынын баарын өзүнө сиңирип алат жана кайра чагылбайт. Кара концептиси караңгы деген түшүнүк менен тыгыз байланышкан. Анткени кара түс бизде түн менен элестетилет жана универсалдуу прототип катары капкараңгы караңгылыкты билдирет [Вежбицкая 1999: 251]. Кыргыз жана түрк тилдеринде кара түсүнүн концепти түнкү табигатты, кечки караңгылыктагы ар кыл объекттерди аныктайт. Мында белгилей кетчү нерсе, азыркы түрк тилинде кара сын атоочу көбүнчө арабдардын таасири менен siyah сөзү аркылуу туюндурулганына карабай караңгы деген түшүнүктү билдирүүдө кара лексемасы сакталып калган: Караңгы түндө парашют байланып, душмандардын ордосуна самолеттон секирип түшкөн Жайнак кабарсыз, дарексиз жок болду дегенине карабай, аны өлбөйт, аны аман деп, аны сөзсүз кайтып келет деп ишенгени, тилегени ким үчүн? (Ч.Айтматов. 319-б.) Ramazanlarda karanlık geceleri şehrayine çeviren kandillerin ve mahyaların çocuklar için nasıl bir neşe kaytnağı olduğunu, ışıl ışıl aydınlatılmış modern şehirlerde yaşayanların anlaması çok zordur. (Beşir AYVAZOĞLU, Şehir Fotoğrafları, Ötüken Neşriyat, İstanbul-2002, 24.s.) Кара кеч концепти кыргыз тилинде убакыт ченемин билдирип, эртеден кара кечке деген туруктуу сөз айкашында колдонулуп, негизинен, күчөтүү маанисин туюндурат (эртеден кара кечке с утра до вечера КОС, 383): Кичүү үйдө кичи апам менен анын келини эле калышты. Ал экөө да эртеден кара кечке колхоздун жумушунда. (Ч. Айтматов, Жамийла, 197-б.) Küçük anne ve gelini sabahtan akşama kadar (эртең менен кечке чейин) kolhozda çalışırdı. (Cengiz Aytmatov, Cemile, Ötüken Neşriyat, İstanbul-2000, 9.s.) Көрүнүп тургандай, чыгарманын түрк тилиндеги котормосунда кара деген лексема түшүп калган. Мындан бул концепт түрк тилинде убактыны билдиргенде колдонулбайт деген жыйынтык чыгарсак болот. Кыргыз тилинде кара суук деп карсыз суук болгон учурларды айтат: мисалы: карандай суук. Бирок кара жер же кара топурак сөз айкашы кыргыз жана түрк тилдеринде контекстке карай негативдүү мааниге да ээ болуп калышы 104 ALATOO ACADEMIC STUDIES. 2016. 2
ыктымал. Мисалы: Уставың кара жерге кирсин! дедим. (Ч. Айтматов, 303- б.) Doymayan nefs, gözünü kara toprak doyursun! (Necip Fazıl KISAKÜREK, ÇİLE, Büyük Doğu Yayınları, 25.Basım, 1995, 84. s.) Кыргыз жана түрк тилдеринде жаныбарлар дүйнөсү да кара өңдү билдирген сын атооч аркылуу кеңири туюндурулат, мисалы: Kara karanlıkta, kara taşın üstündeki kara karıncanın (кара кумурска) bile attığı her adımı gören ve bunu ezelde tayin eden o. (Namık KEMAL, Cezmi, Timaş Yayınları, İstanbul 2003, 56. s.) Yine sevgilinizle mi buluşacaksınız?!. Aranıza kara kedi (кара мышык) gibi giriyorum diye mi beni defetmeye çalışıyorsunuz? (Namık KEMAL, Cezmi, Timaş Yayınları, İstanbul 2003, 304. s.) Кара концепти зоологиялык аталыштардын курамына кирет: Кара куу, карчыга, кара чыйырчык, кара жылан, кара калтар, кара курт, кара чиркей, кара каз, кара боор, кара калдыркан ж.б. Кыргыз тилинде кара лексемасы бодо малды айтууда да пайдаланылат. Кара лексемасы зоонимдерди атоодо кеңири колдонулганын байкоого болот. Түрк тилинде karaman, kara leylek, karа sinek, kara tavuk, kara akbaba, kara karga, kara sagant karakus, kara kurt сыяктуу аталыштар кездешет. Ал эми кара маанисин туюндурган siyah сөзү айбан аталыштарында колдонулбайт. Кара концепти төмөндөгү аталыштарда кара, каралжын, көгүш кара түстүк маанилерге ээ: Kara incirlerin sütünden, sütunundan zehirlenen ihtiyar kadınların (Sezai KARAKOÇ, Şiirler, Hızırla Kırk Saat, 7.baskı, Diriliş Yayınları, İstanbul-1995, 19. s.) Sofrada tatlı tatlı yedikleri kabağın bal kabağı olduğunu, kara kabaktan (кара ашкабак) nefis börek ve bükmeler yapıldığını düşünmemişlerdir hiç. (İskender PALA, Aşina Güzeller, Ötüken Neşriyat, İstanbul-1998, 57. s.) Кыргыз тилинде, да кара түсү кээ бир ботаникалык аталыштардын курамында жолугат: кара бүлдүркөн, карагат, кара өрүк, кара тыт, кара жүзүм, кара кайың, кара жыгач, карагай, кара куурай, кара буудай, кара сойлок, карамык, кара тамыр, кара моюл ж.б. Ал эми түрк тилинде анын кара деген сөзү колдонулбай erik деп гана аташат. Бул сөз түрк тилдеринде эрик, өрүк формаларында кездешип, орус тилине урюк түрүндө өткөн. Ал эми өрүк сөзү түрк тилдерине араб тилинен оошкон делет: альваркук//альварук//аврук//эрик//өрүк [Джапаков А.А. Кыргыз тилиндеги тамак-аш лексикасы. Бишкек: 2004. 33 б]. АДАБИЯТТАР: 1. Шерцль В.И. Название цветов и символического значения. Воронеж. 1884 2. Вежбицкая 1999: 25 3. Orhan PAMUK, Öteki renkler, (Seçme yazılar ve bir hikaye), İletişim Yayıncılık, 1.Baskı, İstanbul, Aralık 1999 4. Ч. Айтматов. Бетме-бет. 5. Cengiz Aytmatov, Yüz yüze, 6. Basım: Ekim 2011, Cem Yayınevi, İstanbul 6. Namık KEMAL, Cezmi, Timaş Yayınları, İstanbul 2003 7. Саматов К. Кыргыз тилиндеги өң-түс сөздөрүнүн лексика-семантикалык жана стилистикалык мүнөздөмөлөрү. Бишкек: 2003. 8. Биялиев А. Кыргызские народные термины промысловой охоты. АКД. Фрунзе, 1972 9. Cengiz Aytmatov, Cemile, Ötüken Neşriyat, İstanbul-2000 10. Beşir AYVAZOĞLU, Şehir Fotoğrafları, Ötüken Neşriyat, İstanbul-2002 11. Cengiz Aytmatov, Toprak ana, Ötüken Neşriyat, İstanbul-2000 12. Necip Fazıl KISAKÜREK, ÇİLE, Büyük Doğu Yayınları, 25.Basım, 1995 13. Sezai KARAKOÇ, Şiirler, Hızırla Kırk Saat, 7.baskı, Diriliş Yayınları, İstanbul-1995 14. İskender PALA, Aşina Güzeller, Ötüken Neşriyat, İstanbul-1998 15. Джапаков А.А. Кыргыз тилиндеги тамак-аш лексикасы. Бишкек: 2004 ALATOO ACADEMIC STUDIES. 2016. 2 105