Тилдин сөздүк составынын азыркы жана анын мурунку тарыхый өсүш абалын изилдөөчү тил илиминин бир бөлүгү. Лексикология гректин lexis -сөз, 1оgоs окуу деген сөзүнөн алынган. 1.1. ЛЕКСИКА Тилдеги бардык сөздөрдүн жыйындысы лексика деп аталат. 1.2. СӨЗДҮК СОСТАВ ЖАНА СӨЗДҮК ФОНД Тилдеги сөздөрдүн бардыгы биригип келип, сөздүк составды түзөт. Сөздүк составдагы эң башкы нерсе сөздүк фонду болуп саналат. Ага тилдин уюткусу болгон уңгу сөздөр кирет. Сөздүк составга караганда сөздүк фонду өтө жай өзгөрөт. 1 / 17
1.3. ДИАЛЕКТИЛИК ЛЕКСИКА Белгилүү бир диалектиге мүнөздүү болгон же ал диалектиде адабий тилдеги маанисинен башка да маани берген сөздөр: сыйыр (уй), сүдрө (сүйрө), чыз (сыз), чөжө (жөжө), турпак (топурак), шорпо (сорпо), буун (муун), сагат (саат )ж.6. 1.4. ЖАЛПЫ ЭЛДИК ЛЕКСИКА Тилдеги жалпыга белгилүү, түшүнүктүү жана күндөлүк турмушта дайыма колдонулуучу сөздөр: киши, окуучу, борбор, коом, базар, партия, эмгек, китеп, алтын ж. б. 1.5. КӨП МААНИЛҮҮ СӨЗДӨР Бир сөздүн көп мааниде колдонулушу. М и с а л ы: аш (тамак) аш (ашып кетүү), там ( тамуу) - там (үй), таң (таңуу) - 2 / 17
(таң атуу), көз: а) адамдын көзү; б) терезенин көзү: в) ийненин көзү. 1.6. ЖЕКЕ МААНИЛҮҮ СӨЗДӨР Бир нерсенин атын билдирип турган сөздөр жеке маанилүү сөздөр деп аталат. М и с а л ы: адам, шаар, кыш, жамгыр, тоо, мектеп, бала, китеп ж.6. 1.7. СӨЗДҮН ЛЕКСИКАЛЫК МААНИСИ Ар бир сөздүн өз башындагы материалдык мааниси лексикалык мааниси деп аталат. М и с а л ы: мал, сүт, үй, китеп, темир, чагылган, машина, стол, жыгач ж.б. 3 / 17
1.8. СӨЗДҮН ГРАММАТИКАЛЫК МААНИСИ Сөздөрдүн грамматиканын карамагына түшкөндө сүйлөмгө карата өз ара катышка ээ болгон маанисин айтабыз. М и с а л ы: Сабак башталды. Сабак зат атооч, жалпы зат атооч, атооч жөндөмөсүндө турат. Сабак сүйлөмдүн ээси, эмне? деген суроого жооп берди, уңгу түрдө турат, башталды этиш, баяндооч ж.б. 1.9. СӨЗДҮН ӨТМӨ МААНИСИ 4 / 17
Жаратылыштагы кээ бир нерселердин, түшүнүктөрдүн атынын тилде мурдатан колдонулуп жүргөн сөздөр аркылуу берилиши сөздүн өтмө мааниси деп аталат. Мисалы: тумшук - канаттуулардын тумшугу, тоонун тумшугу, кочкор тумшук, туяк - (малдын туягы), - туяк (артында), туяк ( бала) калды, кол койду - кол жыйнады. 1.10. СИНОНИМДЕР Айтылышы ар түрдүү, мааниси бири-бирине жакын сөздөр. М и с а л ы: бөрү - карышкыр, акылдуу - эстүү, киши - адам, мыкты - сонун, кооз сулуу - көркөм, бактылуу - таалайлуу, көк - асман, эс - акыл, төмөн ылдый, өйдө жогору, жүгүр - чурка ж.6. 1.11. ОМОНИМДЕР Айтылышы бирдей, мааниси ар башка болгон сөздөр. М и с а л ы: ат (зат атооч) - ат (этиш), ак (сын атооч) - ак (этиш), жаш (сын атооч) - жаш (зат атооч), үй (зат атооч) - үй (э 5 / 17
тиш), жат (этиш)- жат (тактооч), кат (этиш) - кат (зат), ээ (сүйлөмдүн ээси) - ээ (кожоюн), бак (таалай) - (зат) - бак (этиш). 1.12. АНТОНИМДЕР Мааниси бири-бирине карама-каршы айтылган сөздөр антонимдер деп аталат. М и с а л ы: аз көп, өйдө төмөн, чоң кичине, келим кетим, баш аяк, улуу кичүү, ак - кара, жакшы жаман, жаш - кары, ачуу - таттуу, илгери - кийин, арык - семиз ж.б. 6 / 17
1.13. НЕОЛОГИЗМДЕР Тилдин сөздүк составында пайда болгон жаңы сөздөр. М и с а л ы: космонавт, спутник, учкуч-космонавт, корабль, ракета, автоматтык станция, орбита, акционердик коом, рэкет, бизнес, акимиат, пейджер, спикер, мэр ж.б. 1.14. ЭСКИРГЕН СӨЗДӨР Тилдин сөздүк составындагы эскирип, колдонуудан чыгып калган сөздөр. М и с а л ы: хан, буурсун, булдурсун. найза, бараң, болуш, зоот, калкан, кошуун, саадак, жасайыл, ак олпок, миң башы, он башы ж.б. Эскирген сөздөр тарыхый сөздөр жана архаизмдер болуп, экиге бөлүнөт. 7 / 17
1.15. ТАРЫХЫЙ СӨЗДӨР Белгилүү бир тарыхый доорго тиешелүү колдонулуп, кийин колдонуудан чыгып калган, бирок элдик оозеки чыгармаларда, көркөм адабияттарда, жазма эстеликтерде гана колдонулган сөздөр тарыхый сөздөр деп аталат. М и с а л ы: болуш. ыстарчын, датка, миң башы, бий, зекет. 1.16. АРХАИЗМДЕР Азыр колдонулбаган, колдонуудан чыгып калган эски сөздөр архаизмдер деп аталат. М и с а л ы: уруят (эркиндик), ат араба (поезд), жалчы (пролетариат), кырааткана (китепкана), бирикме чарба (колхоз), кементай. увазир ж. б. Архаизм гректин архайас (эски, байыркы) деген сөзүнөн алынган. 8 / 17
1.17. КЕСИПТИК ЛЕКСИКА Белгилүү бир кесипке таандык болуп айтылган сөздөр кесиптик лексиканы түзөт. М и с а л ы: га - гектар, механизатор, центнер, ж.б. - айыл чарба кызматкерлерине; врач, доктор, аптека, операция, хирург, бинт - медицина кызматкерлерине; живопись, графика, скульптура, портрет ж.б. - сүрөтчүлүк кесиптегилерге; очерк, аңгеме, повесть, роман, поэзия ж.б. - жазуучуларга, ээ баяндооч, сүйлөм, сөз, уңгу, мүчө тил илимине таандык. 1.18. ТЕРМИН Илимдеги бир түшүнүктүн атын атоо үчүн алынып, бир мааниде колдонулуучу сөз же сөз тизмеги. Тил илимине байланыштуу терминдер: грамматика, морфология, синтаксис, фонетика, орфография; тарых илимине байланыштуу терминдер: коом, феодализм, кул ээлөөчүлүк коом, революция, пролетариат, буржуазия; математика жана физика илимдерине байланыштуу терминдер: 9 / 17
алгебра, математикалык анализ, кошуу, көбөйтүү ж.б. 1.19. ТЕРМИНОЛОГИЯ Илимдин ар кайсы тармактары боюнча тилде колдонулган терминдерди изилдөөчү же үйрөнүүчү илим. 1.20. ФРАЗЕОЛОГИЯ Тил илиминдеги сөздөрдүн туруктуу же эркин сөз айкаштарын, алардын түзүлүшүн жана маанилик жагынан болгон өзгөчөлүктөрүн изилдеген бөлүм: бото көз, кой көз, кызыл кырман, бармак басты, көз кысты, сызга отуруу 10 / 17
ж.б. 1.21. ЛЕКСИКОГРАФИЯ Тилдеги сөздөрдү жана фразеологиялык айкалыштарды жыйноо, тартипке салуу иши; тил илиминин сөздүктөрдү түзүү ишинин теориясын иштеп чыгуучу бөлүмү. 1.22. СӨЗДҮКТӨР Бир тилдеги сөздөр чогултулуп, алфавит тартибине келтирилип чыгарылган китеп. Сөздүктөр ар түрдүү болот: орфографиялык сөздүк, түшүндүрмөлүү сөздүк, котормо сөздүк, терминологиялык сөздүк, энциклопедиялык сөздүк, фразеологиялык сөздүк, синонимдер сөздүгү, омонимдер сөздүгү, антонимдер сөздүгү ж.б. 11 / 17
1.23. ОРФОГРАФИЯЛЫК СӨЗДҮК Тилдеги сөздөрдү туура, катасыз жазууга үйрөтүүчү сөздүк. Буга Х. Карасаевдин «Орфографиялык сөздүгү» (1966, 1983) кирет. М и с а л ы: бүгүңкү эмес, бүгүнкү, долбор эмес, долбоор, деңгел эмес, деңгээл, адам зат эмес, адамзат, разы эмес, ыраазы, рахмат эмес, ыракмат ж.б. 1.24. ТҮШҮНДҮРМӨЛҮҮ СӨЗДҮК Тилдеги сөздөргө адабий тилдин нормасында түшүнүк берүүчү сөздүк. Буга «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү» (Э.Абдулдаев, Д.Исаев, 1969) кирет. М и с а л ы: аалам - дүйнө, дүйнө жүзү, жер жүзү. Аарчы - бет аарчы, жүз аарчы - бети-колду сүртө турган кол жоолук. Жобо - белгилүү бир маселе боюнча эрежелердин, закондордун жыйындысы. 1.25. КОТОРМО СӨЗДҮК 12 / 17
Бир тилдеги сөздөрдү экинчи же үчүнчү тилге которуп берген сөздүк. Буга проф. К. К. Юдахиндин «Орусча-кыргызча» (1957), «Кыргызча-орусча» сөздүгү (1965) кирет. Же «Англисче орусча - кыргызча сөздүктөрү», «Орусча - англисче - кыргызча сөздүктөрү» ж.б. 1.26. ТЕРМИНОЛОГИЯЛЫК СӨЗДҮК Илим - техниканын ар кайсы тармагындагы терминдерге түшүнүк берген сөздүк. Буга проф. Б. Ө. Орузбаеванын «Лингвистикалык терминдердин орусча - кыргызча сөздүгү» (1972) кирет. М и с а л ы: активный глагол - активдүү этиш, анализ - талдоо (тыбышты, муунду, сөздү, сүйлөмдү же мүчөнү составдык бөлүктөргө ажыратып талдоо. Гласные долгие - созулма үндүүлөр. Местоимение указательные - шилтеме ат атооч ж.б. 1.27. ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК СӨЗДҮК 13 / 17
Айрым терминдерге, түшүнүктөргө, тарыхый окуяларга, өлкөлөргө, географиялык аттарга, белгилүү, өтө көрүнүктүү адамдарга, кубулуштарга ж.б. түшүндүрмө берген, сүрөттөр менен жабдылган сөздүк. Буга Кыргыз Совет Энциклопедиясынын 6 томдук сөздүктөрү, Нарын, Ысык-Көл, Ош областтарын энциклопедиялык сөздүктөрү кирет. 1.28. СИНОНИМДЕР СӨЗДҮГҮ Тилдеги айтылышы ар башка, мааниси бирдей болгон сөздөргө түшүнүк берген сөздүк. Буга Ш. Жапаров, К. Сейдакматовдун «Кыргыз тилинин синонимдер сөздүгү», К. К. Сартбаев, С.Үсөналиевдин «Кыргыз тилинин синонимдер сөздүгү» (орто мектептин окуучулары үчүн) (1973) кирет. Мисалы: абийирдүү уяттуу - ар - намыстуу - ызаттуу, залим - таш боор, - ырайымсыз - кара ниет - каңкор ж.б. 1.29. АНТОНИМДЕР СӨЗДҮГҮ 14 / 17
Тилдеги айтылышы бири - бирине карама - каршы келген сөздөргө түшүндүрмө берген сөздүк. Буга «Кыргыз тилинин антонимдер сөздүгү» кирет (1988). Мисалы: аз көп - арбын, жакшы - жаман, улуу - кичүү, узун - кыска, өйдө - төмөн, оң-тетири, оң-сол ж.б. 1.30. ТОПОНИМИКА Географиялык энчилүү аттарды жыйноочу жана изилдөөчү илим: Ысык-Көл, Нарын, Жети-Өгүз, Жалал-Абад, Чолпон-Ата, Сары-Булак, Чуй ж.б. 15 / 17
1.31. КЫРГЫЗ ЛЕКСИКАСЫНЫН БАЮУ ЖОЛДОРУ Илимдин, техниканын, коомдун өнүгүшүнө байланыштуу ар бир тилдин лексикасы байып, жаңы сөздөр, жаңы терминдер менен толукталып турат. Кыргыз лексикасы совет бийлигинин жылдарында гана бай лексикага айланды. Ал төмөндөгүдөй жолдор менен байыды: 1.Мурунку колдонулуп жүргөн төл сөздөрдүн жаңы мааниге ээ болушу менен. М и с а л ы: борбор (шаардын борбору, маданияттын борбору), мүчө - баш мүчө, адамдын мүчөсү, партийный мүчөсү, мүчөлүк акы, профсоюздун мүчөсү, колхоздун мүчөсү, уюм бириккен уюм, комсомол уюму ж.б. 2. Грамматикалык каражаттардын (мүчөлөрдүн) жардамы менен: жумуш - жумушчу, баш башкар башчы башкарма баштык ж.б. 3. Орус тилинен же орус тили аркылуу башка тилден кабыл алынган сөздөрдүн эсебинен байыйт: космос, ракета, самолет, космонавт, телевизор, радио, астронавт, рэкет, акционер, бизнес, спикер, департамент ж.б. 16 / 17
17 / 17